www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча маселе журналисттик иликтөөдөн кийин жаралды, деп билдирди «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев.
«Шайырбек Ташиев фракцияга кайрылып, эгерде мандатын тапшырса, анда күнөөлүү экенин мойнуна алган болуп каларын билдирди. Баары бир тараптуу болбошу үчүн, биз спикерден текшерүү жүргүзүүнү сурандык», - деди Төрөбаев.
Ал Шайырбек Ташиев «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү болгону үчүн, фракция спикердин атына кат жолдогонун кошумчалады.
«Мандатын тапшыруу боюнча чечимди депутат өзү кабыл алат. Биз ага мандатты тапшыр же тапшырба деп айта албайбыз. Териштирүү бүткөнчө Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырбайт», - деди Төрөбаев.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир тууган иниси Шайырбек Ташиевден депутаттык мандатын тапшырууну суранганын айткан.
Шайырбек Ташиев Жалал-Абад бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Парламентте «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясына кошулган.
Эгерде Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырса, анда Жалал-Абад бир мандаттуу округунда кайрадан шайлоо өтөт.
Булак: NazarNews.kg