www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арадагы жаңжалда 13 адам каза болду

Саат 07: 50гө карата чек арада болгон окуяда каза болгондордун саны 13 адамды түзгөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ар кандай жаракат алып ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 134 адам.

Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды.

Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Эске салсак, 29-апрелде саат 22:00гө карата 3 адам каза болгон. Алардын бири аскер кызматкери жана 12 жаштагы кыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости