www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча иш козгоду

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин («Тынчтыкка каршы кылмыштар») негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

Эске салсак, 28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.

Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.

Сөз болуп жаткан Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргыз-тажик чек арасынын жаңжал чыккан аймагында ок атууну толугу менен токтотуп, аскердик күчтөрдү алып кетүү чечими кабыл алынды.

Акыркы маалымат боюнча, окуядан 84 киши жаракат алып, үч киши көз жумду.

Учурда эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости