www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Эки тарап макулдашкан документке Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду.

Документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашканы белгиленген.

Эске салсак, 28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрелде кечки саат сегизде эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости