www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти

Талас облусунан 7 дарыгер Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жараат алгандарга жардам көрсөтүү максатында 30-апрель күнү түнкү саат 1:00 чамасында Талас облустук ооруканасынан 7 дарыгер (хирург, травматолог) Баткенге жол тарткан.

"Мындай абалда бири-бирибизге колдоо көрсөтүп гана алдыга жыла алабыз", - деп билдирген дарыгерлерди жөнөтүп жаткан облус башчысы Бакытбек Нарбеков.

Ошондой эле Талас ынтымагы жаштары менен бирге материалдык жана гуманитардык жардам жеткирилери айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости