www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биргелешкен комиссия түзүп, иликтөө жүргүзүш керек — ким аткылап баштады, ким келишмди бузду, ким кайда болду. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эгерде тергөө иштери жүргүзүлбөсө жана күнөөлүүлөр жазаланбаса, анда мындай окуялар улана берет.

«Атышуу туура эмес. Албетте, биз атыша беребиз, бирок жергиликтүү калк жөнүндө ойлонушубуз керек, алар кайда барышат? Бишкекте отуруп, эмне кылуу керектигин баалоо жана кеңеш берүү оңой, ал эми чек ара аймактарында жашаган калк кыйналып жатат», - деди Мамытов.
Ал калкка саат сайын маалымат берип туруу керек деп эсептейт. «Маалымат аз, жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматы болуп жаткан окуялар, кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө маалымат таратышы керек. Калкка так маалымат берилиши керек. Болбосо, жалган маалыматтар пайда болот», - деп белгилеген акыйкатчы.

Ошондой эле, ал чек араны эки тараптан тең жаап, аскер күчтөрүн алып кетүү керектигин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости