www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги атышууда жаракат алган эки жоокердин абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
"22 жаштагы Ж.З. аттуу жоокер жандандыруу бөлүмүнөн жалпы бөлүмгө которулду. Абалы жакшырып келе жатат. Б.С. аттуу 21 жаштагы аскердин абалы туруктуу. Дарылануусун улантып жатышат", — деп айтылат билдирмеде.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн.
Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Жабыркагандардын бири жандандыруу бөлүмүндө. Анын абалы өтө оор, экинчиси орточо деп бааланууда.
Окуя болгон жерге барган Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg