www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эң чоң чыккынчылык сыртынан караганда бирилгендик сыяктуу болуп көрүнөт.

(Япон макалы)

Анда иттин бардык сапаттары бар. Берилгендик сапаты гана жок.

(Сэмюэл Хьюстон)

Байлоодо турган иттен берилгендик күтпө.

(Андре Вильметр)

Алтын кишини саткан оңой болот.

(Славомир Врублевский)

Досторуңду сата баштаган банкроттуктун эмес, карьера жасай баштагандын белгиси.

(Леопольд Новак)

Саткындар эң биринчи өздөрүн сатышат.

(Плутарх)

Ал өзүн сатып алгандардын баарын сатып кетти.

(Талейран жөнүндө айтылган сөз)

Он эки апостолдун ичинен Иуда гана саткын болуп чыкты. Бирок, ал бийликке келип калганда саткын ал эмес, берки он бир апостол экенин далилдеп бермек.

(Лев Троцкий)

Заман өзгөрдү. Азыр ошол эле акчаны берсең Иуда отуз адамды өөп чыгат.

(Михаил Туровский)

Саткындар долларга, патриоттор болсо рублга сатылышат.

(Аркадий Давидович)

Саткындык кимгедир жагышы мүмкүн, бирок саткындарды баары жек көрүшөт.

(Мигель де Сервантес)

Бизди эркелеткен колдун соккусу өзгөчө катуу тийет.

(Николай Алексеевич Некрасов)

Сени өз киши гана сатат.

(Француз накылы)

Кылыч куралдын бир түрү болгон сыяктуу, чыккынчылык деле саясаттын ажырагыс бир бөлүгү.

(Виктор Гюго)

Жүзүн буруп кеттиби? Демек, ал сени мурда деле жакшы көргөн эмес.

(Владимир Высоцкий)

Бир да киши сыр сактаганга жөндөмдүү эмес. Оозу унчукпаганы менен манжаларынын учтары айтып коёт.

(Зигмунд Фрейд)

Сени баары бир сатышат. Ошондуктан, бааңды ашырып айт.

(Станислав Ежи Лец)

Мен артыман ок аткандарды жек көрөм. Так чекеге аткандарга деле каршымын.

(Владимир Высоцкий)

Сага ишенгендерди гана алдай аласың.

(Сергей Мавроди, атактуу алдамчы)

Кошомат кылып жатышабы, демек, соккуга даяр боло бер.

(Людмила Гурченко)

Саткынды эч нерсе менен салыштырууга болбойт. Атүгүл сасык бит да саткынга салыштарсаң капа болмок.

(Максим Горький)

Бирөөнү сатып жатканда эсиңде болсун: кийин сага эч ким болушпайт.

(Георгий Александров)

Мен бир кызга арнап ыр жазгам. Ал болсо өзүнүн атын коюп, ал ырды бирөөгө белек кылыптыр.

(Гарри Митчелл)

Бирөөгө бут тосуп жатканда экинчи бутуң эмнеге таянып турганына баам сал.

(Леопольд Рене Новак)

“Көп кишини коргош үчүн бир кишини сатса боло берет” деген туура эмес.

(Мариам Петросян)

Аялды саткан киши качандыр бир кезде падышаны деле сатат.

(Мария Семенова)

Азыр ушундай заман: бирөөнүн колун кыскандан кийин “деги манжаларым түгөлбү” деп санаш керек болот.

(“Все путем” тасмасынан)

Эгер досторуң “душмандар менен сүйлөш” деп үгүттөп аткан болсо, демек, алар тымызын, сага билгизбей душмандарың менен макулдашып алышкан.

(Аль Капоне, гангстер)

Булак: Азия News гезити

Последние новости