www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Баткенде чек ара жаңжалында жоголгон документтерди акысыз калыбына келтирип берет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, документтерди кайра жасоо үчүн "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлерден мобилдик топ түзүлдү.

"Алар жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жардамы менен документ жоготкондордун тизмесин түзөт", — деп жазылат маалыматта.

Лейлек районунун Кулунду айылы жана Баткен районунун Самаркандек айылынан башка бардык калкты тейлөө борборлору 19-сентябрдан тарта штаттык режимде иштей баштаганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости