www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго берилген "Бишкектин ардактуу атуулу" наамын жокко чыгарууну сунуштап жатышат. Бул азыркы шарттагы эң туура сунуш. Рахмонго "Бишкектин ардактуу атуулу" наамы 1999-жылы ыйгарылган. Бул сунушту ишке ашырууга Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун «духу» жетер бекен? Бишкек шаарынын мэри брифинг өткөзүп Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунун жашоочуларына гуманитардык жардам чогултуу боюнча маалымат берди. Мэрдин айтымында, республикалык штабдан тышкары Бишкек мэриясы муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана муниципалдык администрациялардын бардык имараттарында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу үчүн 24 пункт ачкан.
2022-жылдын 16-сентябрында мэрия тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен Баткен облусуна жалпы көлөмү 67 тоннаны түзгөн 3 жүк ташуучу унаа эң керектүү азыктар жана буюмдар, жеке гигиеналык каражаттар жөнөтүлгөн. Гуманитардык жардам пунктуна шаардыктар тарабынан 334 миң 83 сом акчалай жардам, 11 миң 078 кг ун, 3 миң 598 кг кумшекер, 1 миң 649 литр май, 804 консерва, 4 997 кг дан азыктары, 1 438 кг жашылча-жемиш, 7 047 даана гигиеналык каражаттар 3 718 даана медициналык каражаттар чогултулган. Мындан тышкары Баткен облусуна жөнөтүү үчүн республикалык штабга жарандардан кийим-кече, дан азыктары, кондитердик азыктар, чай, кофе ж.б. алынып келүүдө.
Бишкек мэриясы Республикалык штаб менен биргеликте Баткен облусунун тургундарына 17 жүк ташуучу унаа менен жалпы 335,3 тонна гуманитардык жүк жөнөткөн. Бишкек шаарынын мэриясы, түзүмдүк бөлүмдөрү жана муниципалдык ишканалар тарабынан Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн жалпы 4 млн сомдон ашык бир күндүк эмгек акы которулган.
Өзүн «пиар» кылганды сүйгөн Бишкек мэри кээ бир көчөлөрү «өгөй» кылып,аларды карагысы келбейт. Алсак Горький көчөсү жана Ауэзов көчөсү жактагы иретсиз тизилгендерден качан кутулар экенбиз. Мындай жүрөктү өйүткөн нерселер Бишкек үчүн көнүмүш болуп калды. Ал эми мэр болсо өзүн-өзү «пиар» кылып жүрөт. “Жылымчы осурактын жыты жаман” дегендей, бардык иштерди жылма жасаган Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жакында борбордун статусу боюнча мыйзам долбоорун өзү даярдатып алып, шаардык кеңештин депутаттары чуу көтөргөндө кайра “мен билбептирмин” деп чыкты.
Анысы ал. Эми болсо билмексен болуп, Бишкек шаарындагы гезит-журналдарды саткан күркөлөрдү четинен алдыртууда. Мунусун ачык эле “сөз эркиндигине кол салуу” десек болот. Москва, Шанхай, Токио, Парижде токтобой иштеп жаткан гезит саткан күркөлөргө Бишкекте тыюу салынууда. Мурда кылмыш иштери козголуп, коррупцияга шектүү катары белгилүү болгон мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкекти акыр-чикирден тазалабай, жүргүнчүлөрдү ташууну жолго коё албай, кыскасы, шаарды оңдой албады, мэрияны жетектөө колунан келбей калды.
Ал мындай аракеттери менен жыйырмадан ашык жергиликтүү басылмалар менен бирге “Коммерсантъ”, “Комсомольская правда” сыяктуу Россиянын, “Караван” сыяктуу Казакстандын жана башка түстүү гезит-журналдардын окурмандарга жетишине бут тосуп, алардын окурмандарынын кардар катары укугун тебелеп-тепсеп жатат.Азыр Бишкекте эртең менен гезит сатылган күркө издеп, шаардын бир учунан экинчи учуна чейин убара болгон окурмандар көбөйдү.
Мэр Э.Абдыкадыров тез аранын ичинде гезит күркөлөрүн ордуна койбосо, редакциялар сөз эркиндигин чектеп, Конституцияга каршы иштеп жаткан, басма сөздүн таратылышына бут тоскон мэрдин үстүнөн президентке кайрылуу жолдоону уюштурушары бышык.
Мэр Эмилбек Абдыкадыров жумушуна киришкени шаардыктар нааразы боло башташты. Бул эргул курбай эле бүлдүргөнү кандай? Бишкектин 11-кичирайонундагы гараждарды талкалатып алдырып, эми анын орду таштанды талаасына айланып, аңгырап жатат.
Эки айдан бери эч кандай иш башталган жок. Же “соодасы” келишпей создугуп кеттиби? Ал эми гезит-журнал саткан күркөлөрдү четинен тазалатып, карапайым элдердин күнүмдүк тапкан оокатын жокко чыгарууда. Алакандай жерлерден бери пулдап кирдиби? Бул суроого жооп береби?
Айтор, Эмилбек Абдыкадыровдун мэр катары программасы, алдыга койгон пландары жок эле көрүнгөн жерди жулуп алуу, башка акчалууларга карматуу жоруктары улана береби? Күч органдары кызыгышып, жасап аткан иштерине алдын ала бөгөт коюшса, элдин сообуна калышат беле?
Баарын “жайлап” кеткенден кийин кеч болуп калбайбы? Түшүнүксүз... Чынын айталы, ордо калаабыз башчыга жарыбай койду. Мен мурункулардын кемчиликтерине, чала сабаттыгына, чарбакер эместигине, шаар үчүн жакшы жаңылык жасай албагандарына токтолбой эле коёюн. Биз сөздү учур чак жөнүндө улайлы. Анда кеп башынан болсун.
Ордо калаа ээси Эмил Абдыкадыровдун ишмердүүлүгүнө шаар тургуну катары эки ооз кебимди айтайын. Учурда гезит-журнал саткан күркөлөрдү тартипке, цивилдүү көрүнүшкө келтирүү боюнча иш-чара жүргүзүп жатыпсыз. Колдойлу, бирок эч ыраатсыз. Жинди кашайткан жагы көп.
Дүйнөнүн баардык өнүккөн өлкөлөрүндө: мейли океандын ары жагы Американы алалы, мейли Европаны титиретип аткан Англия же Германия ж.б. өлкөлөрдү карайлы, алардын миллиондогон калкы бар мегаполистеринде ар бир 200-300 метр сайын, метролорунун кире беришинде, чоң-чоң көчөлөрүнүн кесилишинде, супергипермаркеттеринде ж.б. коомдук жайларда гезит-журнал саткан күркөлөр турат.
Коомду маалымат менен камсыз кылуу биринчи кезекте экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек, антпесе элдин баары маңкурт болуп кетпейби. Эми Эмил мырза, сиздин шаарыбыздагы күркөлөрдү иретке келтирүү жагындагы жасап жаткан копол иштериңизге токтололу.
Биринчиден, эмне үчүн гезит-журнал саткан күркө ээлерин кабыл албай жатасыз? Эмне үчүн алар менен ийри отуруп түз сүйлөшүп, көйгөйлөрүн уккуңуз келбейт? Кол алдыңыздагы тийешелүү кызматкерлер сиздин атыңызды жамынып, “бөрк ал десе баш алгансып”, күркөлөрдү ай-буйга келтирбей алып кетип атат. Эмне үчүн шаар бюджетинин эсебинен бир типтеги киоскилерди жасатып, коюп бербейсиз? Сиз билесизби, учурда гезит-журнал сатып, күнүмдүк тирлик кылган күркө ээлеринин баарында эле 100 миң сом жок экенин? А эң олуттуусу, ушундай ыраатсыз өзүм билемдиктен улам гезиттер сатылбай калуу коркунучуна кептелди. Бийликтегилерге баары бирби?
Кыскасы, ушу суроолорго тезинен жооп берип, чукул арада жаралган көйгөйлөр чечилбесе, аягы нааразычылыктар менен коштоло берет го...
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg