www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу толугу менен токтоду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

“Учурда чек арачылар, милиция кызматкерлери жана УКМКнын облустагы жетекчилери Согди облусунун тиешелүү жетекчилери менен биргеликте иликтөө ишин жүргүзүүдө. Баткен облусунун калган тилкелеринде кырдаал тынч жана көзөмөлдө”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости