www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровду эртең менен ИИМдин кызматкерлери кармап кетишкен. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, алгач саясатчынын уулунун үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Азырынча Руслан Бекназаровду эмне себептен кармап кеткени белгисиз.

Эске салсак, буга чейин Азимбек Бекназаров журналисттерге жыйын өткөрүп, Кумтөр боюнча бир топ маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Руслан Бекназаров 2022-жылдын 15-июнунан бери Свердлов районунун акими болуп эмгектенип жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости