www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев Кумтөрдөгү коррупция боюнча Акылбек Жапаровду жоопко тартууну сунуштады.

«Теңгиз Бөлтүрүктүн мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтиргени айтылды. Бул 1 миллиард 10 мектептин акчасына тете. Башынан эле Бөлтүрүккө бир топ депутат, активисттер ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Бирок бийлик ал таза иштейт деген сөзүн айткан. Ошол таза иштейт деген Акылбек Үсөнбекович деле жоопко тартылыш керек. Ишенген кишиси ушундай уурулук кылса, ээси да жооп бериши керек. Биз бул маселени карап, Бөлтүрүк кандайдыр бир келишимдерге кол койгон болсо аларды кайра текшерүү керек. Анткени, баарыңар билгендей ал башка мамлекеттин жараны. Аны Бөлтүрүк парламентте өзү да айткан.

Биз (ЖК депутаттар - ред) өкмөттүн мүчөсүнө же өкмөттүн башчысына кызматтан алуу сунушун бере алабыз. Келгиле ушуну бир жолу колдонуп көрөлү. Ал эми кимди кетирип, кимди калтырат ал президенттин укугу», - деди Масалиев.

Эске салсак, кечээ, 13-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр голд компани» компаниясынын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү кармаган.

Буга чейин компанияда финансылык мыйзам бузуулар аныкталып, Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген.

Бүгүн Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишин текшерип, жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон. Анда Кумтөргө киргизилген тышкы башкаруу учурунда жетекчилик коррупцияга жол берген.

Алдын ала эсептөө боюнча, кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынан мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости