www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрь саат 23:30га карата алынган ыкчам маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 87 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

"Баткен облустук бириккен ооруканасына 28, Лейлек ЖДПБга 21, Кулунду ЖДПБга 3, Сүлүктү ЖДПБга 3, Улуттук госпиталга 20, Улуттук хирургия борборунда борборуна 1, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 6 жабырлануучу жаткырылды. Алардын көбү октон жана сыныктардын чачырандыларынан жараат алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мындан мурда Улуттук госпиталдын нейрохирург, жалпы хирург, кан тамыр хирургу, анестезиолог-реаниматолог, торакалдык хирург, орто медкызматкерлерден турган үч медициналык бригада жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Баткенге учуп кеткендиги тууралуу маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости