www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-майда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик чек ара арасы аркылуу мыйзамсыз жүк адамды кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жүктү Кыргызстандын 1998-жылы туулган жараны У.А. менен 1990-жылы туулган жараны Ю.Х. алып өтмөк болушкан. Алар жүк ташуучу унаа менен Баткен районунун Таш-Тумшук аймагында чек ара пунктунан башка жерден өтүүгө аракет кылышкан.

Чек арачылар алардын оор жүк ташуучу унаасын кармашкан учурда анда 20 тонна кургатылган жемиш жүктөлгөндүгү такталды. Алардын жанында жүккө тиешелүү документтери болгон эмес. Документтер толтурулгандан соң жүк жана кармалган жарандар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости