www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арада жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, облустук ооруканага барып, чек арада жараат алгандардан кабар алды. 

Жаркынбек Максутов  чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун, мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор деп белгилеп, алардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.

Ошондой эле, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан  акчалай жардам көрсөттү.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми  Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда.

Окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары  жүрүүдө.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 6-августунда эртең менен саат 05.30 чамасында Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар болжол менен мергенчилик куралдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине көздөй ок чыгарышкан. Жыйынтыгында чек ара отрядынын аскер кызматкерине белгисиз куралдан ок тийип, жаракат алгандыктан Баткен облусунун биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Ошондой эле,  6-август күнү кечки саат 18.30 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылы менен чектешкен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Чоркух айылы менен чектешкен жер тилкесинде Көк-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы Р.М. өзүнүн үлүш участкасында иштеп жүргөн жеринде Тажикстан Республикасынын аймагы тараптан белгисиз адам белгисиз ок атуучу курал менен Р.Мге карата ок чыгарган. Натыйжада Р.Мдин оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип,  Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Бул фактылар Баткен РИИБнин КЖБРне  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 30/130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Азыркы учурда,  милиция кызматкерлери  калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. 

Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости