www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн 2 аялды кармады. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Жалал-Абад ШИИБдин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын 2 аял мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү боюнча ыкчам маалыматтарды алышкан. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

"Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун 1978-жылы туулган жараны жана анын кызы кармалган. Алар Сузак районунун аймагынан Кыргыз Республикасынын кайтаруудагы мамлекеттик чек арасын одоно түрдө мыйзамсыз бузуп өтүшүп, Жалал-Абад шаарында жүрүшкөндүгү такталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости