www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 16-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери  Т.Т.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.

Кармалган жаран мурдагы кызмат ордунда иштеген фактысына таянып жана ошондой эле кара өзгөй максатты коздоп өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар деген жалган маалыматты жамынып алып, мыйзамсыз текшеруу иштерин жүргүзгөн. Майда мыйзам бузууларды таап, коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерлерден акчалай пара алып келген.    

 

«Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кармалган Т.Т.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдарды, өлкө башсынын, УКМК төрагасынын жана Башкы прокурордун атын жамынып алып коркутууга дуушар болгон жарандарды УКМКнын дарегине кайрылуунуздарды суранабыз», - деп айтылат катта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости