www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Чек арасыз дарыгерлер" долбоору Баткен жана Чүй облустарында коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлайт.
Өкмөт өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова аталган долбоордун өкүлдөрү менен жолуккан. Анда коронавирус илдетине кабылгандарды үйүнөн көзөмөлдөө долбоору Баткен жана Чүй облустарында ишке ашырылары белгиленген.
"Долбоорго Баткен облусунан пилоттук аймак катары Кадамжай району тандалып алынган. Бул демилгени ишке ашырууда эл аралык тажрыйбасы бар дарыгерлер жана атайын эксперттер тартылып, илдет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүлөрү күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, долбоор октябрь айынан ишке киргизилет. Анын мөөнөтү, бюджети азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg