www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеке-кашы жарыла утулган Кыргыз

"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков АСА 113 мелдешинин алкагында россиялык Александр Матмуратовго утулуп калды. Беттештин видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Аралаш мушташ боюнча кармаш кечээ, 6-ноябрда, Москва шаарындагы "ВТБ Арена" спорт жайында өттү. Анда спортчулар 61 килограмм салмакта күч сынашты.

Келдибеков менен Матмуратов биринчи раундда туруп беттешип, бири-бирине туруктуу сокку уруп, такыр күрөшүшкөн эмес. Анча активдүү өтпөгөн беттеште Келдибеков жаракат алганга жетишкенин видеодон көрүүгө болот. Тыным алуу убагында спорттук дарыгерлер "Тайсондун" жаракатына байланыштуу реферилерге беттешти токтотууга сунуш берген. Келдибековдун чекеси менен кашынын тушу айрылып кеткенин көрүүгө болот.

Калыстар кыргызстандык мушкерди биринчи раундда техникалык нокаут менен утулду деп эсептеп, жеңишти россиялык спортчуга ыйгарышкан.

Канат Келдибеков ММА спортунда 20 беттештен жеңүүчү аталып, алтынчы жолу жеңилүү ызасын тартты. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости