www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейпцигдин (Германия) борборуна миңдеген адамдар чогулуп, коронавирустук чектөөлөргө каршы митингге чыгышты. 

Акция Августусплатц аянтында өтүүдө. Демонстранттар колдорунда өкмөттү социалдык байланыштарга койгон катуу чектөөлөрүнөн баш тартууга чакырган транспаранттарды көтөрүп турушат.Маалыматка ылайык, бир нече улутчул топтордун да, атап айтканда “Рейхтин жарандары” жана “Германиянын улутчул партиясынын” желектери көпчүлүктүн арасында көрүүгө болот.  

Полиция митингчилерге гигиеналык эрежелерди бузуп жаткандыгын эскертүүдө: көпчүлүгүндө коргоочу беткаптар жок, адамдардын ортосундагы аралык сакталбайт. Бирок, адамдар бири-бирине тыгыз тургандыктан, полиция аларга атайын чараларды көрө албай жатышат.  

Эске салсак, 2-ноябрдан тартып Германияда "чектелген карантин" күчүнө кирген: театрлар, концерттик залдар, жарманкелер, кинотеатрлар, оюн-зоок парктары, сауналар, барлар, клубдар, дискотекалар жабылды, ишканалардагы ашканалардан тыш көптөгөн жерлер жабылган эле. Жолугушуулар экиден ашпаган үй чарбасынын мүчөлөрүнүн ортосунда гана болуп, эң көп дегенде 10 катышуучу болуусу шарт. Мектептер жана бала бакчалар, дүкөндөр жана чачтарачтар ишин улантууда. Карантин ноябрь айынын аягына чейин уланмакчы. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости