www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон орусиялык кесиптеши Владимир Путинге телефон чалып, бир катар маселелерди талкуулады.  

Биринчиден, Франциядагы террордук актыларга байланыштуу маселелерди талкуулашты. Тараптар экстремизмдин ар кандай көрүнүштөрүнө каршы турууга чечкиндүү экендиктерин ырасташты.

Ошондой эле, орус президенти француз кесиптешине Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан кадамдар жөнүндө айтты. Мындан тышкары, баарлашуу учурунда Украина темасы көтөрүлдү. Россия менен Франция Минск келишимдерин аткаруу зарылдыгын дагы бир жолу ырасташты.  

Өлкөлөр Ливиядагы кырдаал боюнча позициялардын жана баалоолордун окшоштугун белгилешип, ошол өлкөдөгү кырдаалды тез арада нормалдаштыруу максатында иш-аракеттерди күчөтүүгө макул болушту.  

Путин менен Макрон коронавируска каршы күрөшүү, анын ичинде вакциналарды иштеп чыгуу жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости