www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид №47 түзөтүү колониясында атасынын түшүрүлгөн сүрөтүнүн көпчүлүккө тараганына комментарий берди. Сеид Атамбаев сүрөт атайын тымызын тартылып, социалдык тармакка жүктөлгөн деп эсептейт. 

"Кечээ алар менин атамдын №47 түзөтүү колониясындагы сүрөтүн жарыялашты (бул кадрларды абактагылардын бири тартып алган имиш). Бирок мен буга ишенбейм, анткени бул экс-президентти эл алдында басынтуу аракети болгон. 

Атам өлкөбүздүн өнүгүшү жана туруктуулугу үчүн көп иш жасады. Убакыт жана тарых баарын ордуна коет. Атам ар дайым өзүнүн эр жүрөктүүлүгү менен айырмаланып келген. Ал жападан жалгыз накта оппонент, эч жакка качпаган жана коррупционерге айланбаган башчы. Мен атам менен сыймыктанам жана бул күндөрдүн дагы өтөөрүнө ишенем! Колдогонуңуздар үчүн баарыңыздарга рахмат! ", - деди саясатчынын уулу.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости