www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехия Украинага артиллериялык снаряддарды берет

Чехиянын Коргоо министрлиги министрлер кабинетине Украинага 152 мм артиллериялык снаряддарды берүү маселесин талкуулоону сунуш кылуу ниетинде. Бул тууралуу мекеменин башчысы Яна Чернохова билдиргенин РИА Новости жазды.

«Биз өкмөткө бизден суралган каржылык жардамды - аскердик материалдарды жана операциялык муктаждыктар үчүн жабдууларды, тактап айтканда - 152 миллиметр калибриндеги артиллериялык снаряддарды сунуштайбыз», - деди Чернохова.

«Бул кайрымдуулук болмок», - деп белгиледи Коргоо министрлигинин башчысы. Белгилей кетсек, Чехия өкмөтүнүн кезектеги жыйыны 26-январда, шаршемби күнү болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости