www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин менен Зеленский жолугаары арсар

Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык кесиптеши Владимир Зеленский менен Түркияда жолугушуусу күмөн, бул сунуш негизинен түрк лидери Тайип Эрдогандын геосаясий максаттарына гана кызмат кылат, деп билдирди эксперттер РИА Новостиге.

Белгилей кетсек, буга чейин түрк лидеринин расмий өкүлү Ибрагим Калын Эрдогандын жакынкы апталарда Украинага боло турган сапары тууралуу билдирген.

Анын айтымында, Эрдоган Путин менен Зеленскийди да пикир келишпестиктерди талкуулоо жана чечүү үчүн Түркияга чакырган. Эрдоган өзү Путин менен Зеленскийдин бетме-бет жолугушуусун уюштурууну каалай турганын айткан.

«Мен Зеленский эмне үчүн Эрдогандын чакыруусун кабыл алууга даяр болушу мүмкүн экенин түшүнсөм да, Путиндин кабыл алышына эч кандай мүмкүнчүлүк жок деп ойлойм. Эрдогандын чакыруусу Орусия менен Украина ортосунда болгон чыңалууга караганда, Эрдоган жана анын дүйнө түшүнүгүнүн чектелүү экендиги жөнүндө көбүрөөк айтат», - деди Стокгольмдогу Коопсуздук саясаты жана өнүгүү институтунун Жибек жолун изилдөө боюнча биргелешкен борборунун улук кызматкери Гарет Дженкинс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости