www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Бир суткада 3 бейтап акка моюн сунду

Өткөн суткада өлкөдө 791 кишиден коронавирус табылып, 466 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактооо министрлигинин сайтында жазылган.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 488;

Ош шаары – 7;

Чүй облусу – 185;

Ош облусу – 8;

Талас облусу – 9;

Нарын облусу – 7;

Ысык-Көл облусу – 17;

Жалал-Абад облусу – 39;

Баткен облусу – 31.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 194 607ге жетип, анын ичинен 182 442 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, оору кечээтен бери үч бейтаптын өмүрүн алды. Өлүм учурлары Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Талас облустарында катталган. Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 129 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 697 киши үйлөрүнөн дарыланууда. Ооруканадагылардын ичинен 62 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости