www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чехиянын саламаттык сактоо министри Адам Войтех коронавируска байланыштуу сындан улам кызматын тапшырды.

Премьер-министр Андрей Бабиш 21-сентябрда Адам Войтехке «Твиттер» аркылуу ыраазычылыгын билдирип, анын эпидемиянын биринчи толкунун ооздуктоодогу ролун баса белгиледи.

«Эгер ага күч-кубатынын баарын коронавируска каршы күрөшкө жумшоого туура келбеген болсо, анда ал өлкөнүн эң мыкты саламаттык сактоо министри катары элдин эсинде калмак» - деп жазды Бабиш.

Вице-премьер-министр Ян Гамачек жаңы саламаттык сактоо министри тез эле белгилүү болорун, жаңы жетекчи эпидемияга каршы чараларды башкарууга тез киришиши керек экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости