www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Челюсть” аттуу каймана аты бар Алтынбек Сулайманов “Бир бол” аттуу партия түзүп, аны парламентке алып келүүгө жетишти. Ал Атамбаевдин “алтын баласына” айланып, КСДП, “Кыргызстан” менен коалиция түздү. Ошого жараша өкмөттү түзүүгө аралашты. Партиянын таасирлүү активисттери жогорку кызматтарга барды. “Бизнес да” гүлдөдү.  Кыска айтканда, АША менен аябай эле иштешти.

Эми АША менен айрылышуу мезгили келип турат. Ал азыр түзүлүп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу. АША өзү бийликке алып келген Сооронбай Жээнбековго ачык эле каршы чыгып, туруксуздуктун булагына айланды. КСДП экиге бөлүндү. АША өзүнө ишенимдүү калган депутаттар менен Жээнбековго каршы күрөш уюштуруу максатында уламдан-улам жыйындарды чакырып жатат. АШАнын “балашка” өкмөт башчысы Сапар Исаков президент Жээнбековго каршы кадрдык жүрүштөрдү жасап, бийлик системасында ырааттуулукту бузууда.

Мына ушундай кырдаалда Сооронбай Жээнбеков жана анын тарапкерлери үчүн өкмөттү колго алуу маселеси эң орчун жана маанилүү маселе болуп турат. Бул АШАнын калган-каткан уюгуна сокку уруп, өкмөт менен президент ортосунда ажырымды токтотот эле.

Азыркы учурда өкмөттү кетирүүнүн эки жолу турат. Биринчиси, анын отчетун кабыл албоо. Экинчиси коалицияны бузуу. Өкмөттүн отчетун кабыл албоо бир топ татаалдашты. Анткени КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары Сапар Исаковдун отчетун колдоду. Алар “өзүбүз түзгөн өкмөт” деген позицияны карманып, мүмкүн АША менен “жең ичинен” макулдашылган чоң оюн ойноп жатышат…

Ошондуктан Сапар Исаковдун өкмөтүн кетирүүнүн экинчи жолу калууда-ал коалициядан чыгуу. Коалициядан чыгуу “Бир бол” үчүн бир топ жеңилдей. Анткени болгону 12 депутаты гана бар.

Бирок да коалициядан чыгуу жаңы конституцияга ылайык бир топ татаалдашкан. Мурункудай коалициядан чыктык деп эле чыгып кете бербейт. Жаңы жагдайга ылайык, кайсы бир фракциянын коалициядан чыгуусу үчүн фракция мүчөлөрүнүн 2/3 добушу керек. Алар добуш эле берип калбай, тийиштүү токтомго колун да коюш керек. Ал эми Алтынбек Сулайманов коалициядан чыгууну чечсе, анда фракциядагы 12 депутаттын кеминде тогузу колдоого тийиш.

Бул кырдаал фракцияда ар бир добуш “аттын башындай алтынга” тете болуп жатканын көрсөтөт.

Мындай шартта “Бир болдун” лидери жок дегенде тогуз депутатты көндүрүп, жанында кармай алабы же “ит жыгылыш” болуп, күрөш татаалдайбы?..

Булак: Элньюс

Последние новости