www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Радио жыштыктар боюнча казактар 10 миллиард сом пара бергенинин жыйынтыгы чыга элек, бир гана учурунда ушунун айынан Абылгазиев кызматынан кеткени болбосо. Кыргызстан жыл башынан бери чет элдик донорлордон 343 миллион доллар каражат алды. Муну улуттук валютага которгондо 25 миллиард сомду түзөт. Бул туурасында парламентте 2020-жылдын бюджетин өзгөртүү маселеси каралып жаткан учурда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Каражат төмөнкүдөй бөлүнгөн:

Айлык акыга — 8 миллиард сом;

Пенсияга — 4,5 миллиард;

Жөлөк пулга — 2 миллиард;

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын трансферти — 3,9 миллиард;

Экономиканы колдоого — 2,6 миллиард;

Коронавирус менен күрөшүүгө — 3,1 миллиард.

Мындай жоопту уккан депутат Абдывахап Нурбаев "демек, өкмөт 18 миллиард сомдон ашыгын маянага эле жеп коюптур да?" деп суроо салды эле "Ооба, туура айтасыз" деп жооп берди Новиков.

Мындан улам депутат 2021-жылы мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлердин санын 50 пайызга чейин кыскартпаса, кырдаал мындан дагы жаман болорун айтты.

Ал эми Новиков учурда мамлекеттик структураларды оптималдаштыруу боюнча комиссия иштеп жатканын билдирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости