www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдиктер октябрдан тарта Японияга кире алат

Октябрдын башынан тарта чет өлкөлүктөр Японияга кире алышат. Бул тууралуу "Известия" басылмасы кабарлады.

Маалыматта бардык адамдарга уруксат берилген эмес. Алсак, азырынча туристтер үчүн өлкөнүн чек арасы жабык. Октябрдан тарта Японияга үч айга чейинки убакытка иш сапары менен же окуу максатында баргандар гана кире алат.

"Өлкөгө киргенден кийин чет элдик жарандар сөзсүз 14 күндүк карантинден өтүшү шарт. Сырттан келгендердин санына да чектөө коюлган. Ага ылайык, бир күндө Японияга миңден ашык адам кирбеши керек", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта коронавирус пандемиясынан улам Япониянын чек арасы 159 өлкөгө жабык. Бирок өкмөт эпидемиологиялык кырдаал туруктуу делген 16 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости