www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Аберхосан (Уэльс) айылынын жашоочулары бир жарым жыл бою интернетке туташа албай убара тартышкан. The Sun басылмасынын жазганына караганда, көйгөйдүн “күнөөкөрү” эски сыналгы экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, күн сайын эртең мененки саат 07:00дө айылдын жашоочуларынын интернет байланышы үзүлүп турган. Бул көрүнүш 18 айга созулган. Жергиликтүү эл жана Openreach провайдеринин инженерлери көйгөйдүн чоо-жайын түшүнбөй келишкен.

Адистер айылга тартылган интернет чубалгыларын алмаштырып дагы көрүшкөн, бирок майнап чыккан эмес. Акыр аягы көйгөйдүн себеби Аберхосан айылындагы пенсионердин үйүнөн табылган.

Маалыматта айтылгандай, жашоочу жогорку деңгээлдеги импульстуу шоола тараткан эски телевизорун (SHINE) күн сайын көргөн. Ал адатта башка электрондук каражаттарды иштен чыгарып турган.

Пенсионер интернетке кедерги тийгизгени үчүн өзүн күнөөлүү сезип, мындан ары сыналгысын пайдаланбай турганын айткан. Ал эми компания мындай абал кайталанбашы үчүн айыл тургундарына электрондук каражаттарынын сертификаттарын текшерип чыгууну сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости