www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык келишимдерге ылайык, чет мамлекеттерде соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын жазасын Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары өтөө үчүн өткөрүп берүү маселелерин борбордук ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы карайт.
Жаранды өткөрүп берүү жөнүндө арыз менен төмөнкү адамдар кайрыла алышат:
• соттолгон жаран өзү;
• анын жакын туугандары;
• мыйзамдуу өкүлү же коргоочусу.
Арыздар төмөнкү жолдор менен берилет:
• түзөтүү мекемелеринин администрациясы аркылуу;
• Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери аркылуу;
• Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жакын туугандар тарабынан прокуратура органдарына же Башкы прокуратурага түз кайрылуу аркылуу.
Белгилей кетсек, арыздарды онлайн түрүндө prokuror.kg сайтындагы «Прокуратурага кайрылуу» баракчасы аркылуу жолдосоңуздар болот.
Соттолгон жарандарды өткөрүп берүү жол-жобосу мыйзамда белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт жана толугу менен акысыз жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бул маселени акча каражаты үчүн «чечип берүүнү» же «тездетүүнү» сунуштаган ортомчуларга кайрылбоого чакырат. Мындай маселелер расмий мамлекеттер аралык механизмдердин алкагында гана чечилет.
Көрсөтүлгөн «кызматтар» үчүн акча каражаттарын алуу же талап кылуу фактылары жөнүндө маалыматтар болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним телефону аркылуу кайрылууга болот: 0312 54-31-66.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон Кыргыз Республикасынын жарандарын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин туруктуу негизде уланта берет.