www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттин Абидос шаарында археологдор болжол менен 3600 жыл мурда жашаган, бирок тарыхта аты сакталбай калган фараонго таандык болушу мүмкүн болгон падышалык көрдү табышты. Бул ачылыш Байыркы Египеттеги эң туруксуз доорлордун биринде мурда белгисиз болгон бийлик бутактары жашап өткөнүн көрсөтүүдө. Окумуштуулар бул башкаруучулар тобун шарттуу түрдө “Көлөкө же арбактар династиясы” деп атап келишет.

Казуу иштери 2025-жылдын январында Анубис тоосунун этегинде жүргүзүлгөн. Экспедицияны Пенсильвания университетинин египтологу Жозеф Вегнер жетектеген. Археологдор жер астынан жети метр тереңдиктен ак таштан курулган көрдүн камерасын табышкан. Анын ичи мурда тонолгонуна карабастан, көлөмү, дубалдарынын жасалгасы жана кирпичтен тургузулган бийик күмбөзү бул жерге кадимки адам эмес, жогорку даражалуу башкаруучу коюлганын айгинелейт.

Көрдүн кире беришинде фараондун аты иероглифтер менен жазылганы аныкталган. Бирок убакыттын өтүшү менен жазуу толук өчүп кеткен. Изилдөөчүлөрдүн божомолунда, бул көрү Абидосту башкарган анчейин белгилүү эмес падышалардын бири Сенайб же Панеджени болушу мүмкүн экенин божомолдошууда.

Абидос династиясы биздин заманга чейин экинчи өткөөл мезгилде, Египет бир нече атаандаш борборлорго бөлүнүп турган кезде өкүм сүргөн жергиликтүү падышалардан турган. 2014-жылы ушул эле аймактан фараон Сенеб-Кейдин көрүнүн табылышы бул династиянын чындап болгонун далилдеген. Жаңы табылган көрдүн мурдакылардан да ири болушу, ал доордогу башкаруучулардын мүмкүнчүлүгү кеңири болгонун көрсөтөт.

Нил дарыясынан алыс эмес жайгашкан Абидос байыртадан Осирис кудайынын ыйык борбору катары саналган. Саясий баш аламандыктарга карабастан, шаар өзүнүн диний жана символдук маанисин сактап келген. Ошондуктан бул жерден табылган ар бир жаңы табылга Египет тарыхын кайрадан карап чыгууга өбөлгө түзүүдө.

Последние новости