www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Иранга мүмкүн болуучу соккусунан улам Ислам Республикасынын жогорку лидери Али Хаменеи жана КСИРдин жогорку кызмат адамдары бир бункерден экинчисине которулуп изин жашырып жатышканы айтылды.
Маалыматка караганда, Хаменеи былтыр Израиль менен болгон 12 күндүк кагылышуу маалында да бункерде жашынган. Ал кезде Израиль аны жок кылуу мүмкүнчүлүгүн олуттуу караган.
Азыркы коркунучтарга байланыштуу Хаменеи кайрадан туннелдер аркылуу туташкан, өзгөчө бекемделген жер алдындагы комплексине жашынган. Израилдик маалымат каражаттары бул объект Тегерандын түндүк-чыгышындагы Лавизан аймагында жайгашканын жана ал бункер 90-100 метр тереңдикте курулганын белгилешет. Ал түз бомба соккусун да көтөрө ала тургандай корголгон деп бааланууда.