www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чет өлкөлүк жаран унаасы менен жол чийининен өтүп бара жаткан кызды сүзгөн. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Катуу жаракат алган кыз жараатынан улам ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен билдирди.

23-сентябрда саат 17:45 чамасында “Honda Aria” үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 20 жаштагы П.А. аттуу чет өлкөлүк жаран Жал кичирайонундагы Тыналиев көчөсүнөн 15 жаштагы кызды сүзгөн. Окуя болгон жерден жабырланган кыз ооруканага жеткирилген. Бирок жараатынан улам өзүнө келе албай каза болгон.

Милиция кызматкерлери из жашырып кеткен айдоочуну кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Кылмыш ишинин алкагында тийиштүү экспертиза дайындалып, унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулду.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Последние новости