www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль Ливанда

Израиль Ливандагы «Хезболла» уюмуна каршы «алдын алуучу аскердик операция» баштады. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын Башкы штабынын жетекчиси Герци Халеви билдирди.

«Биз «Хезболланын» 20 жылдан бери куруп келе жаткан аскердик инфраструктурасын жок кылып жатабыз. Ошондой эле кийинки этаптарга даярдануудабыз. Бул аракеттер Израилдин түндүгүндөгү жарандардын өз үйлөрүнө кайтуусу үчүн шарт түзүүгө багытталган», - деди ал.

Израилдин Коргонуу армиясы соңку суткада «Хезболланын» 1600дөй объектисин аткылаганын жарыялады.

Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ливандыктарды кооптуу аймактардан кетүүгө чакырды. Ошондой эле аскердик операция бүткөндөн кийин ливандыктар өз үйлөрүнө келүүгө мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 23-сентябрда Бейрут шаары менен түштүккө болгон соккулардан 492 киши каза болгонун, алардын 35и бала, 58и аялдар экенин маалымдады. Ошондой эле 1645 адам жабыркаган.

Ал эми Израиль 23-сентябрда «Хезболла» 165 ракета учурганын кабарлады.

Андан тышкары Израиль бардык аймактарында 30-сентябрга чейин өзгөчө абал жарыялады.

17-18-сентябрда Ливанда байланыш каражаттары жарылып, ондогон адамдар каза таап, 3 миңдей киши жаракат алган. Ошондой кийин Израиль менен «Хезболланын» ортосундагы тиреш курчуду.

20-сентябрда Израиль Ливандын борбор калаасы Бейрутту аткылаган. Анын натыйжасында «Хезболланын» 16 командири жок кылынган.

Последние новости