www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек убактысы боюнча 2025-жылдын 1-декабрында түн жарымда Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Катар, Египет жана Кувейт мамлекеттеринде жайгашкан Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 80 шайлоо участогунда добуш берүү аяктады.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ошол эле учурда өлкө аймагынан тышкары жайгашкан дагы 20 тилкеде шайлоо уланууда. Бул участоктор - АКШ, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария жана Франция.

"30-ноябрь саат 00:00гө карата добуш берүүгө катышкан Кыргызстандын жарандарынын саны 25 458 адамды түздү.

Акыркы болуп добуш берүү процесси АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан шайлоо участогунда 1-декабрда, Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт.

Белгилей кетсек, күн мурун, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү.

Последние новости