www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндө Түркияда жети кыргызстандык жазасын өтөөдө. Европа өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жалпысынан 13 кыргызстандык бар. Учурда прокуратура соттолгон жарандарды өлкөсүнө кайтаруу боюнча Иран, Түркия, Корея жана башка өлкөлөр менен келишимдерди түзүүдө. Ошондой эле эл аралык конвенциялар бар.
Парламентте «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу» мыйзамдын долбоору каралып үчүнчү окууда жактырылды. Аталган мыйзам долбооруна 2019-жылы Башкы прокуратура тарабынан 1983-жылдын 21-мартында Франциянын Страсбург шаарында кол коюлган, ошондой эле Европа Кеңешине кирбеген, бирок документти иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер тарабынан кол коюлган «Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө» конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого багытталган.
Башкы прокуратура бул келишим ратификация болсо көптөгөн мекендештерди кайтарууга жол ачыларын билдирет.Кыргызстан 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 550 жаранын башка мамлекеттердеги абактардан өлкөгө которду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg