www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводу курулат

Кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводунун курулушу 2024-жылдын биринчи жарымында башталат. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди. Мунун алдында министр 20-декабрдагы маалымат жыйында "Алтын-Тулпар" унаа жыйноочу заводу ишке киргизүүгө даярдалып жатканын, долбоору дээрлик аяктап калганын айткан. Завод 12 автомобиль моделин чыгарат.

Кыргызстанда Өзбекстан менен чогуу автоунаа чыгаруучу заводду куруу боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл апрелде кол койгон. Бул документтин кабыл алынышы өлкө аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылган.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 15-мартта кабыл алган. Ал быйыл 27-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашуунун негизинде каралган.

Макулдашууда заводду куруу үч этапта иштей турганы, алгач 500 жумуш ордун түзүү менен 10 миң даана унаа чыгаруу каралган. Кийинки этапта жумуш орундарын көбөйтүп, унааны чыгарууну 30 миңге жеткирүү жазылган.

Кыргызстандын аймагына биргелешип автомобиль чыгарган заводун куруу боюнча макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл 26-27-январда Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости