www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олжобай Шакирдин жараяны башка күнгө жылды

Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакир 20-декабрдагы сот отурумуна да алып келинген жок. Ушуну менен ал бир айдын ичинде үч жолу сотко алып келинбей, жараян башка күнгө жылды. Олжобай Шакирге байланыштуу иш Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат. 20-декабрда күзөт кызматы жетишпей жатат деген негизде шектүү соттук отурумга алып келинген эмес.

Аламүдүн райондук сотунда 6-декабрда жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист Олжобай Шакирге айыбы угузулган. Прокуратура өкүлү "Олжобай Шакир Фейсбукта, ТикТокто "массалык башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келген, мындан сырткары элди митингге чакырган, "булардын тизгинин кагыш керек" деген сөзү азыркы бийликтин кадыр-баркына шек келтирип, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган" деп билдирген.

Олжобай Шакир айып менен макул эместигин билдирип, мойнуна алган эмес. Ал быйыл 23-августта кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен иш козгогон. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости