www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

   Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25%га азайганын билдирди. Ал эми ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 .

Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости