www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев 20-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, соңку беш жылда Кыргызстандын өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 1,7 эсеге өскөн. Инвестициялык портфель дээрлик 1 млрд долларды түзгөн: "Жаңы өнөр жай объектилери жеңил өнөр жай, энергетика, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү тармагында ачылды", - деди министр.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 11 айында экономиканын өсүү темпи 1,8% түзүп, өнөр жай продукциясынын көлөмү 428,2 млрд сомго жетти. Министр 2022-жылы жумушсуздук деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөнүн айтты.
Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин быйыл августта берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 12 465 бош жумуш оруну бар.
турат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg