www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл министрликтеги 12 кызмат орунуна сынак жарыяланып, ага катышкан 260 кишинин ичинен эң көп балл алган 14ү өткөнүн билдирди. Сынакта жакшы жыйынтык көрсөткөн дагы 10 адам жумушка алынып, министрликке жалпы 22 киши кызматка кирген. Бул тууралуу Кулубаев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында айтып, 260 адамдын 60% кыргыз тилин билбегени үчүн сынактан кулап калганын кошумчалады.
“Сынакта баары тең англис, француз, араб тилдеринен жакшы беришти. Кыргыз тилине келгенде жазганынан же сүйлөгөнүнөн маселе бар. Биздин мыйзамдар боюнча кыргыз тилин билбегендер сынактан өтпөйт да”, - деди Жээнбек Кулубаев. Жогорку Кеңештин комитетинде Тышкы иштер министрлигине тааныш-билиштер кызматка алынып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.
“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Мыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg