www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупциялык схеманын башкы уюштуруучусу Динара Кутманова

Динара Исаеванын уулу колго түшкөндөн бери Динаралардын аты жаңырды. Динара Кутманова  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигиндеги бир нече коррупциялык схеманын башкы уюштуруучусу болгон деп айыпталууда. Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, анын УКМКнын тергөө абагындагы камактагы мөөнөтү 9-февралга чейин узартылды. Буга чейин УКМК жаратылыш ресурстары министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманова кармалганын билдирген.

Экс-министр коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн уулун жана карындашын, үй кызматкерин жана уулунун досун тартуу менен жаратылышты коргоо тармагындагы долбоорлорду жасалма түрдө каржылоону уюштурган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости