www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы кырдаал боюнча жана Кытайдагы карыздар тууралуу чет өлкөлүк ММКнын жазганын окурмандарга сунуш кылабыз:
--КНР биздин коңшуларыбыздан насыя сурай баштады. Маалыматтарга ылайык, аталган мамлекеттин депозити жыл аягына чейин 5 млрд. долларга кетсе эле болот, деп жазат Платформа. Алмайдын бермейи бар (жемейдин кусмайы) дегендей, Кытайлар биринчилерден болуп "аёосуз эсептегич" чыгарууну чечишкен окшойт.
Буга чейин Кыргызстан тарап Кытайдан 1,7 миллиард доллар карыз карыз алган. Эгер Кыргызстан алган суммасын 2021-жылдын январь айынан баштап төлөп баштабаса, анда табигый ресурстар же Тажикстан, Шри-Ланка сыяктуу аймактар менен төлөмдөрдү жүргүзүшү керек.
Тышкы карызды төлөө үчүн бийлик катардагы жарандардан кайрымдуулук кылууну өтүнүшөт (кимиси үчүн кайрымдуулук билбейбиз бирок ар дайым мамлекеттик кызматкерлер коррупциялашып, өздөрүнүн напсисин ойлогон жыйынтыгында мамлекеттин маанилүү маселесине жөнөкөй калкы таасир калтырат). Каржы министрлиги мамлекеттик банкта атайын эсеп ачууга даяр. Мамлекеттик карызды төлөө боюнча үгүт өнөктүгүн бейөкмөт уюмдар жана жарандар көтөрүп жаткандыгы көңүлдү бурат.
Депутат Айнуру Алтынбаеванын айтымында, алынган каражатты элден жыйнап кайрымдуулук кылып кайтарып берсе болот.
"Эгерде акча жок болсо, анда алтын менен күмүштөн жасалган зер буюмдарды Кырзыг-Алтынга өткөрүп берүүгө болот жана компания тиешелүү сумманы атайын эсепке которот", - деди ал.
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын тышкы карызынын 45% Кытайга туура келет, демек, карыз биринчи кезекте Пекинге төлөнөт. Кытай кыргыздарга Россия эмес, ырайымдуулук кылып насыяларынан баш тартпайт.
Мындан тышкары, Кытай бул мөөнөттү узартты, бирок келерки жылдын 1-январынан тартып Кыргызстан насыя боюнча пайыздарды төлөп башташы керек. Мамлекеттик казынада акча жок болгондуктан бардык жарандардан жардам суралууда.
Эске сала кетсек, өлкөгө насыя тартуунун туу чокусу Алмазбек Атамбаевдин президенттик дооруна туш келген. Ал жолдорду, жылуулук электр станцияларын жана объектилерди курууга акча алган. Ошондо кийин Бишкек кайра каржыны кайтарууга алсыз экендиги белгилүү болду ... Ал эми азыр, «после посжара» оор кырдаалда жөнөкөй адамдар жардамга келип жатышат, деп жазууда чет өлкөлүк сайттар.
Чындыгында Кыргызстан оор абалда. 30 жылдан бери бир ууч топтун артынан өнүкпөй келе жатабыз. Максат президенттерди кетирип, кайра басып алуу. Тилекке каршы өз кызыкчылыгын ойлогон айрым таанымал аткаминерлер өлкөдө калып, өзүнө окшогон «желмогуз» саясатчыларды тарбиялап келе жатышат.
Ошентип топудай эмес, томуктай кыргыздар бири-бири менен тытышып оңолбой койду. Чет өлкөлүк ММКлар кечээги 6-октябрдан кийин кыргыздарды «варварлар», «апокалипсис» деп жазып жатышты. Өсүп келе жаткан айрым мыкты кадларыбыз, аянтта артист болушту. Мамлекеттик кызматта бир күн иштебегендер, министр, президент болобуз деп «маймылга» айланды. Ички душмандар мамлекеттин эгемендигине кол салышууда. Дүйнө жүзү Кыргызстан жок болуп кете турган мамлекеттин катарына кайрадан кошту. Кытайдан карыздарды төлөөгө эки ай эле калды… А бизде ач көз, көзү сокур, көкүрөгү «.ок» айрым саясатчылар эч нерсе менен иши жок жүрөт. Эгемендүүлүктүн кадыр-баркын билбеген, бизнестен мамлекеттик бийликке келген айырым «иттердин» азабынан кайра-кайра Ак үй талкаланып башыбызды мыкчып олтуруп калдык.
Өздөрү жеп бүтүп, айрым аткаминерлер "мамлекеттик карызды элге жүктөйлү" дегендери дагы болду. Эмне үчүн мамлекетке карыз алып, өлкөгө пайдасы тийбеген каржыны эл төлөшү керек!? - деген суроо жаралат. Алакандай Кыргызстандын келечегин ойлобой карыздан карыз алган наадандарга, чыккынчыларга, ата-бабаларыбыз айтмакчы кыргын болоор мезгил келээр бекен!
Кыскасы, ачуу чындык - Кыргызстандын келечеги бүдөмүк! Ойлонгула! 6 млн калктын тагдырын талкалаган, өз кызыкчылыгын көздөгөн 30 жылдан бери "өлбөй" келе жаткан 5-6 саясатчылар чечип жатат. Аттиң…Эми Кыргызстанга бир колунда адилеттүүлүк, экинчи колунда кылычынан кан тамып турган ХАН келип, аттын кашкасындай таанымал 5-6 саясатчыны түп тамыры менен жок кылып, элди дагы өз орду ордуна койбосо, эшек минип жүргөнү деле «президент» болом деп тажатты!
Булак: NazarNews.kg