www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясында тышкы миграция абалы талкууланып жаткан жыйында айтылды. Өкмөт алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын орун басары Алмазбек Асанбаевдин маалыматына караганда, азыркы учурда болжол менен 710 миӊден ашуун эмгек мигранты чет өлкөлөрдө жүрөт. Мисалы, Орусияда 616 миӊ, Казакстанда 30 миӊ, Кореяда 14 миӊ, Түркияда 30 миӊ, дагы башка алыскы өлкөлөрдө 20 миӊ эмгек мигранты катталган.
Ошону менен катар А.Асанбаев Орусиядагы эмгек мигранттарынын көйгөйү болгон тыюу салынган тизмеге (“кара тизме”) кирген мекендештердин санын кыскартуу боюнча дагы иш алып барып жаткандыгын айтты.
Мындан сырткары, чет өлкөгө жумушка орноштурам деген ар кандай компаниялардын ишине КР Ички иштер министрлиги менен бирге көзөмөл кылынып жатканын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg