www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия өз чек арасы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Германия канцлери Ангела Меркель Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үчүнчү өлкө жарандарынын Шенген зонасына 30 күнгө киришине тыюу салууга макулдашты.

Чектөө жакында альянстан чыгып кеткен Британия жарандарына да тиешелүү.

Шенген зонасына кирүүгө тыюу салынарын күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да кабарлаган.

Шенген зонасына ЕБнын көптөгөн өлкөлөрү, андан тышкары Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бул өлкөлөр арасында чек ара көзөмөлү жок. Бирок учурда бир катар мамлекеттер чек араларын жабууга аргасыз болду.

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Италияда 30 миң, Испанияда 10 миң, Германия жана Францияда да бир нече миң киши вирус жуктуруп алды. Инфекция ЕБга мүчө бардык өлкөлөргө тарады.

Меркель учурда Шенген аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мекенине кайтаруу боюнча Евробиримдик бирдиктүү эреже иштеп жатканын да белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости