www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сегиз жыл мурдагы Июнь окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен кыргызстандык өзбек саясатчылары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусуна жооп алышты. Бул тууралуу ОшТВнын мурдагы директору, журналист Халилжан Худайбердиев “Азаттыкка” билдирди.
Худайбердиев көчүрмөсүн жөнөткөн документке ылайык, аларга Жээнбековдун атынан президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев жооп берген.
“Сиздердин Азимжан Аскаровдун иши жана 2010-жылкы Июнь окуясына байланыштуу башка кылмыш иштери боюнча соттук чечимдерди кайра карап чыгуу жөнүндө кайрылууңуздарды карап көрдүк. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Азимжан Аскаровго жана башка массалык башаламандыкка, оор кылмыштарга айыпталгандарга карата сот өкүмү чыгып, мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргызстандын Конституциясынын 100-беренесине ылайык, соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын бардык мамлекеттик органдар милдеттүү түрдө аткарылышы керек. Соттун актыларын аткарбагандар жана сот чечимдерине кийлигишкендер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Сот чечимдерин ишке ашырууга да ар кандай формада кийлигишүүгө тыюу салынган” деп жазылды Санжар Исабаев кол койгон документте.
Кыргызстандык өзбек саясатчылар жана коомдук ишмерлер К. Батыров, Х. Худайбердиев, Р. Эгамбердиев, Б. Ахмедов, Х. Каримов, Й. Салимов, Д. Хайдаров президент Сооронбай Жээнбековго ушул жылдын 10-июнунда, коогалаңдын сегиз жылдыгын эскерүү күнү кайрылуу жолдошкон.
Катта алар БУУ баштаган адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдардын Июнь окуясы боюнча кайрылууларына бийликти көңүл бурууну, коогалаңга байланыштуу кылмыш иштерин калыс иликтеп, акыйкатсыз чыккан сот чечимдерин кайра карап чыгууну өтүнүшкөн. Ошондой эле биринчи Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына, жалпы эл аралык Адам укуктары боюнча декларациянын 70 жылдыгына байланыштуу акыйкат эмес чечимдин курмандыктарын, оор кылмыш кылбагандарды бошотууну суранышкан. 2010-жылкы коогалаңдагы окуяга күнөөлүү деп өмүрүнүн аягына чейин абакка соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча БУУнун бошотуу чакырыгын аткаруу керектигин белгилешет.
2010-жылдагы этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун аркылуу 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кыргызстандын өзбек улуттук маданий борборунун Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу мурдагы өкүлдөрү жана саясатчылар бар. Алар ар кандай жагдайлардан улам ушу күнгө чейин кармалып, алынып келе элек - деп билдирди Азаттык.
Булак: NazarNews.kg