www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чикагонун четиндеги аткылоо боюнча кармалган Роберт Кримого атайылап киши өлтүрүү боюнча айып тагылды. Мындай кылмыш үчүн ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, - деди АКШнын Иллинойс штатынын баш прокурору Эри Рейнхардт.

Анын үстүнө Кримонун күнөөсү далилденсе, шарттуу түрдө эркиндикке чыгууга укугу жок өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылат. Башкы прокурор арызын 6-июлда сотко жөнөтөрүн кошумчалады.

REGNUM агенттиги маалымдагандай, 4-июлда Чикагонун четинде жайгашкан Хайленд Парк шаарында АКШнын Эгемендүүлүк күнүнө арналган парадда белгисиз жаран элге ок чыгарган. Окуянын кесепетинен жети адам каза болуп, 30дан ашык адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости