www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көбүнчө кайсы ысымдар берилип жатат?

Чилиде көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган түрк телесериалдарынан таасирленген үй-бүлөлөр наристелерине «Элиф», «Нилюфер» жана «Ибрахим» сыяктуу түрк ысымдарын кое башташты.

Түштүк Америка өлкөсү Чилиде түрк сериалдары акыркы жылдарда чоң кызыгуу жаратууда.

Коомдук телеканалда көрсөтүлүп жаткан түрк сериалдарынын негизинде акыркы жылдарда балдарга түрк ысымдары коюла баштады.

Өлкөдө өзгөчө өткөн жылы жарык дүйнөгө келгендерге ысым берилип жатканда түрк сериалдарындагы каармандар таасирдүү болду.

Чилинин Эл катоо борборунун көрсөткүчтөрүнө караганда 2016-жылы төрөлгөн көптөгөн кызга «Элиф» аты коюлду. «Элиф» Латын Америкада көп колдонулган «Loreto» жана «Veronica» сыяктуу аттарды артта калтырды.

Акыркы жылдарда бир канча өлкөдө кызыгуу жараткан түрк телесериалдары Чилиде да көп көрүлгөн сериалдардын арасында болду.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости